Бишкекте жол кырсыгынан аял киши менен 11 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кырсык кечээ, 17-октябрда саат 23:30 чамасында Масалиев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Хундай Соната менен Тойота Ярис кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Sonata унаасынын эки жүргүнчүсү — 34 жаштагы аял жана 11 жаштагы бала каза болгон. Тойота жана Хундай Соната унааларынын айдоочулары жана 1 жүргүнчү ооруканага жаткырылды.