Кызыл-Кыяда болгон жол кырсыгына байланыштуу Mersedez-Benz унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кечээ, 18-октябрь күнү түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунда Mersedez-Benz унаасы менен Honda Stepwgn унаасы кагышып, 4 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.