Чаткалда кар көчкү басып калган акыркы үч адамдын сөөгү табылды (фото)

Чаткал районунда кар көчкү басып калган дагы 3 адамдын сөөгү бүгүн, 19-октябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Бүгүн, 19-октябрда таң эрте издөө иштеринин натыйжасында изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери аткарылган.
Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ, 18-октябрда табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Ал эми бүгүн табылган 3 адамдын сөөгүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылган. Кечээ, 18-октябрда куткаруучулар үч адамдын сөөгүн кар көчкү алдынан табышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан