Бүгүн, 21-октябрь өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда күндүз +21…+26,
Талас жергесинде күндүз + 19 … +24
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +21…+26,
Ысык-Көлдө күндүз +11 … +16,
Нарын облусунда күндүз + 13 … +18.
Бишкек шаарында күндүз +23…+25 градус жылуу болот.