Нарында мал кайтарып жүрүп, дайынсыз болгон эки тургун изделүүдө

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого чыккан бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу 20-октябрда белгилүү болгон.

"Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып натыйжа болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук №43 ӨКБдан 7, №44 ӨКБдан 5 жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 97 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан