Өлкөдө бир жума ичинде 152 айдоочу мас абалда кармалды 

Өлкөдө бир жума аралыгында 18 миң 366 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466;

- мас абалында автотаранспорт каражатын башкаруу – 152;

- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 930;

- автоээнбаштык – 18;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 856;

- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 миң 553;

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1835 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короого токтотулган.

"Аталган мекеме айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан