Эртең, 22-октбярдан тарта Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-октябрда Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат.
Ага ылайык, жылуулук алгач мектеп, бала бакча, төрөт үйлөрүнө берилсе, анда кийин турак үйлөрдө, өнөр жай ишканаларында жана мекемелеринде бериле баштайт.