Бүгүн, 21-октябрда мурдагы Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын ордуна курулган 120 орундуу №30 "Жеткинчек" балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милиция кызматкерлеринин балдары үчүн салынган имараттын ачылышына ички иштер министри Улан Ниязбеков катышып, өлкөнүн баардык аймактарында ушул сыяктуу бала бакчалар ачыла тургандыгын билдирди.
"Жеткинчек” деп бала-бакчанын аты айтып тургандай, бул жерде мектепке чейинки курактагы жаш балдарга мыкты таалим-тарбия берип, аларды мекенди сүйүүгө, жаратылышты урматтоого, келечекте чыгаан инсандарды калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул бала бакчада, ден соолугу бекем, акыл-эстүү, жана адептүү балдар тарбияланып, бардык зыяндуу чакырыктардан да корголот деп ишенем.
Ички иштер министрлиги бардык региондордо кызматкерлердин балдары үчүн, бала бакчаларды ачып, ишке киргизип жатабыз. Мындан ары ушул сыяктуу курулуштар уланат”, - деди Улан Ниязбеков.