Кечээ, 20-октябрда Түркиянын Кушадаси шаарында "PRINCESS of the UNIVERSE 2024" эл аралык сынагы өтүп, ага Кыргызстандын атынан 23 жаштагы Альбина Костикова катышты. Бул тууралуу конкурстун уюштуруучулары маалымдады.
Маалыматка ылайык, сынакка 30 өлкөнүн сулуулары катышкан. Алардын ичинен Альбина Костикова "Биринчи вице-мисс" наамын жеңип алган.
"Ал таланты менен көрүүчүлөрдү таң калтыра алды", - деп жазылат маалыматта.