Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн акыйкатчылардын жыйынына катышты

Акыйткатчы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн омбудсмендердин Евразиялык альянсынын жыйынына катышып, Кыргызстанда коомду санариптештирүү шартында жарандардын укуктарын сактоону камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Армениянын, Бахрейндин, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын акыйкатчы институттарынын өкүлдөрү катышкан. Отурумга Түркия, Венесуэла өңдүү бир катар мамлекеттердин адам укуктары боюнча өкүлдөрү байкоочу катары келишкен.

Ошондой эле Жаманбаева "Адам укуктарын коргоо жаатындагы көйгөйлөр: Акыйкатчылардын алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда дагы болуп, сөз сүйлөгөн. Ал конференциянын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен жолугушууларды өткөргөн. Алсак, Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова менен Кыргызстандын жарандарынын Орусиядагы жана Орусия жарандарынын Кыргызстандагы укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишишкен.

Мындан тышкары Жаманбаева Москвадагы өлкөнүн элчилигине да барып, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун маанилүүлүгүн талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан