Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Баткен шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн.
"Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде зарыл болгон жер-жерлерде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", - деп билдиришти министрлер кабинетинен.