Бишкекте "Орто-Сай" базарында башаламан соода жүргүзгөндөргө айып пул салынды

Бишкек мэриясы "Орто-Сай" базарынын түштүк тарабындагы уруксатсыз соода түйүнүнө каршы рейд өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин соодагерлерге белгисиз жерде сооданы токтотуу зарылчылыгы тууралуу расмий түрдө эскертүү берилген.

Бул фактылар боюнча укуктук 7 протокол түзүлүп, жалпы 41 миң сомдон ашык айып пул салынды.

Башаламан сооданын бошотулган аймактарында тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Тазаланган жерге тосмо отургузулат. Бул аймакты жашылдандыруу иштерин “Бишкекжашылчарба” ишканасы жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан