Үстүбүздөгү жылдын биринчи алты айында Орусиянын соттору 85,8 миң мигрантты өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды, бул 2022-жылдын бардык көрсөткүчтөрүнөн көп. Бул тууралуу “Маанилүү окуялар” басылмасы сот чечимдеринен алынган маалыматтарды талдап жазып чыкты.
Салыштырмалуу былтыр Орусиядан 129,7 миң мигрант чыгарылса, 2022-жылы 85,1 миң мигрант чыгарылган. COVID-19 пандемиясынын учурунда бийлик тарабынан депортацияга киргизилген мораторийден улам өлкөдөн чыгарылгандардын саны кескин кыскарган.
Басылманын маалыматы боюнча, Орусиядагы мигранттардын саны 2023-жылы пандемияга чейинки көрсөткүчкө салыштырмалуу бир миллион адамга азайган.
Көбүнчө мигранттар кирүү жана жашоо эрежелерин бузганы үчүн чыгарылат. Үстүбүздөгү жылдын алты айында бул берене боюнча 100 миңдей иш ачылган. Экинчи орунда мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгү турат, бул боюнча 16 миң иш ачылган.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мигранттарга 590 миллион рубль айып пул салынган.