Бишкекте жайгашкан №5 мектеп-гимназиясына бомба бар деген маалымат түшүп, милиция текшерүүгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда калаанын Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери жана атайын кызматтар имаратты текшерип, эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес.