Бүгүн, 22-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы Араван, Кара-Суу райондорундагы үйлөрдөн ири суммадагы акча каражаттарын жана алтын буюмдарды уурдаганга шектүү жарандар кармалганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү милицияга Сарай айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 26-сентябрда үйүнөн 6 миң евро жана 2500 сом уурдатканын айткан.
Ошондой эле милицияга 15-октябрда Юсупов айыл аймагынын 28 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн терезесин бузуп киришип, алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыздар менен Араван райондук ички иштер бөлүмүнө дагы 3 жаран кайрылган.
Бул фактылар каттоого алынып, чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иштери козголгон. Шектүү катары Өзгөн районунун 35 жана 28 жаштагы тургундары кармалышып, камакка алынышкан.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.