Ырчы Данияр Эрматов: “Такыба болуп, чыгармачылыкты таштап коюшум мүмкүн” 

Бул жолу SUPER.KG порталынын Ютуб каналынын маек төрүндө ырчы Данияр Эрматов болду. Ал үй-бүлөсү, бала кездеги кыялдары, чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп өттү.

Ырчы мырза маек учурунда үй-бөлөсү тууралуу дагы айтып жатып буларга токтолду:

"Биз көбүнчө элге жакшы жактарды чыгарганга аракет кылабыз да. Ар бир үйдө казан-аяк кагышат. Мен келинчегимди өзүмдүн аманатым деп алдым, анын оюн угуп, ал меникин угуп, бирибиз ачууланганда бирибиз басылганга аракет кылабыз. Атайын ыкма деле колдонбойм, шартка жараша эле жарашып алабыз. Келинчегим жөнүндө айтсам, ал көк бет эмес, таарынганын бат эле унутуп калып сүйлөшүп кетет. Эң башкысы – таарынычты көпкө созбогон жакшы" - деди ал.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан