Перунун мурунку президенти Алехандро Толедо 35 миллион доллар пара алганы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал “Odebrecht” компаниясынан ири суммадагы акча алып, өз кезегинде аларга океан аралык автожолдун эки участогун куруу тендерин алууга уруксат берген.
Белгиленгендей, мурунку президент аталган компаниянын тендерин тездетүүгө жардам берүү максатында өкмөт үйүндө жолугушууларды уюштурган.
Толедо Перунун Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен 2023-жылы июлда АКШда камакка алынган. Өлкө бийлиги аны экстрадициялоону 2017-жылдын башында суранган. Бирок ал 2023-жылдын 24-апрелинде гана АКШдан Перуга экстрадициялангандыгы кошумчаланган маалыматта.