Кубанын Гуантанамо провинциясында Оскар бороонунан улам жаралган суу ташкынынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Ал өзүнүн социалдык баракчасына бороондун айынан суу ташкындары катталып, учурда куткаруу иштери уланып жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Имиас менен Сан-Антонио-дель-Сур шаарларына өзгөчө кырдаал киргизилгендиги кошумчаланган.
"Шамалдын максималдуу ылдамдыгы саатына болжол менен 129 чакырымды түзгөн. Анын кесепетинен Гуантанамо провинциясы эң көп зыян тарткан. Суу ташкындары Баракоа, Маиси, Имейас жана ан-Антонио-дель-Сур шаарларында катталган. Баш калкалоочу жайларда миңден ашык жаран калган. Бирок бороон катталганда 57 миң жаран өз турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз болгон", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Оскар бороону Кубанын чыгышын 21-октябрь каптаган. Ал учурда мамлекет үч күн электр энергиясыз калган болчу.