Бишкек шаарынын вице-мэри экспресс каттамдар үчүн Түркиядан жаңы автобустар алынып жатканын айтты

20-ноябрга чейин Түркиядан 35 жаңы автобус алып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Ал жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыга турганын айтты.

"Манас" аэропортуна чейин каттап жаткан №153 автобусту көрүп жатасыздар. Эми жаңы келген автобустарды дагы экспресс каттамдарга коёбуз. Анткени жакында шаар ичиндеги автобекеттер сыртка чыгарылат. Айланма жол менен Алмата көчөсүнүн кесилишине жаңы автобекет курулду. Ал жакка Нарын, Ысык-Көл каттамдарын чыгарабыз. Ал эми Ош, Талас каттамдары Кудайберген унаа базары жакка чыгарылат. Биз ал жактарга жетүү үчүн экспресс каттамдарды уюштурабыз", - деди Ырсалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан