АКШдан почта аркылуу баңгизат алдырып, Бишкекте сатып жүргөндөр кармалды (видео)

Бишкекте АКШдан почта аркылуу келген өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаты аныкталып, алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, ИИМдин кызматкерлери узак убакыт бою Телеграм мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатуу үчүн АКШдан Кыргызстанга эл аралык почта компания аркылуу органикалык баңги каражаттарын жеткирүү каналын жөнгө салган баңги топторун кармоо боюнча атайын ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте АКШдан келген жүктөрдү бажылык көзөмөлдөөнү жана текшерүүнү уюштурууда, 2004-жылы туулган К.Н. аттуу жаранга даректелген таңгактардын биринде өзгөчө ири өлчөмдөгү кара куурайдын жыты бар “гибриддик шишка” деп аталган зат табылган, анын баасы 9 миллион сомго бааланат.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү К.Н. Бишкекте курьерден таңгакты алып жаткан жерден кармалган. Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иштерин жүргүзүүдө баңги топтун 1999-жылы туулган Л.Ю. жана 2003-жылы туулган Т.В. аттуу башка мүчөлөрү аныкталып, кармалган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Видео: ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан