Миңдеген палестиналыктар Газадан чыгып кетет

Тез арада медициналык жардамга муктаж болгон миңге жакын аял жана бала Газа тилкесинен Европага эвакуацияланат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эвакуация Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана тиешелүү Европа өлкөлөрүнүн колдоосу менен уюштурулат", - деп кошумчалады Клюге дүйшөмбү күнү жарыяланган Франс Пресс агенттигине берген маегинде.

БУУнун тергөөчүлөрү буга чейин Израилди Газадагы медициналык мекемелерди бутага алуу жана медициналык кызматкерлерди кыйноого алуу үчүн айыптап, бул иш-аракеттер "адамзатка каршы кылмыштарга" барабар экенин айтышкан.

ДСУнун Палестинанын басып алынган аймактары боюнча өкүлү Рик Пиперкорндун айтымында, Газадагы дагы 10 миңдей адам тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн эвакуацияланышы керек.

Жаңжал 2023-жылдын октябрында башталгандан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа жардамынын аркасында 600 адам Европанын жети өлкөсүнө эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан