Жол кырсыгына кабылган коомдук транспорттун чыгымын ким төлөйт? Вице-мэр жооп берди

Бишкекте эл ташыган автобустар жол кырсыгына кабылса чыгымды айдоочу төлөйт. Бул тууралуу мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.

Ал коомдук транспорт жол кырсыкка кабылган учурда факты иликтенип, күнөөлүү тарап транспортту калыбына келтирүү чыгымын жабарын белгиледи.

"Эгер күнөө автобуста болуп калса, айдоочу төлөп калат. Чыгымды мамлекет көтөрө берсе, анда айдоочулар автобусту карабай айдай беришет да. Бардык нерсенин өзүнүн жоопкерчилиги болот", - деди Ырсалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эл ташыган автобустар катышкан жол кырсыктары катталып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан