Ырсалиев автобуста жүргүнчүлөр жол кирени төлөөдө көз боёмочулук кылып жатышканын айтты

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү жол кирени төлөөдө көз боёмочулук жасап жатышканын айтты. Ал жергиликтүү уктуруулардын бирине берген маегинде бир төлөмдүн квитанциясы менен кийинки транспортторго дагы түшүп кетип жаткан учурларды мисал кылды.

"Адамдан амал качып кутулбайт" деген чын. Мисалы, бир киши коомдук транспортко түшүп, жол кирени төлөгөндөн кийин ал квитанциясын скрин кылып, артындагыларга кетирип коёт. Алар аны айдоочуга көрсөтүп түшүп кетип жатышат. Же бир автобуска төлөгөн квитанциясын скрин кылып, кийинкилерине дагы көрсөтүп коюшат. Андан сырткары арткы эшигинен кирип, алдынан түшүп кетип жаткан учурлар болууда", - деди ал.

Ырсалиев мэрия мындай көрүнүштөрдү жолго салуу үчүн ар бир коомдук транспортко атайын көзөмөлчүлөрдү ишке алып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан