Бүгүн, 22-октябрда Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Жал" жана "Шаарооруканасы" жаңы газ отканаларын ишке киргизүү аземи өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдү жана башка керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен камсыз кылган "Ротор" отканасын түшүрүү үчүн "Жал" отканасына кубаттуулугу 5200 киловольт болгон эки түрк "Мимсан" газ казаны орнотулуп, 725 метр жылуулук трассасы тартылды.
Кошумча от казандарды орнотуунун натыйжасында 19 көп кабаттуу үй жана Эне жана баланы коргоо борборунун 2 имараты сапаттуу жылуулук энергиясы менен камсыз болот.
Ысык суу менен камсыз болгондордун саны 1539, ал эми өздүк эсеп менен 1039 түзөт.
"Шаарооруканасы" буу казанынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында кубаттуулугу 5200 киловольт болгон "Мимсан" компаниясынын эски буу казанын жаңысына алмаштыруу жүргүзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Шаарооруканасы" отканасынын жалпы өндүрүмдүүлүгү 6,28 гигакалория/саатты түзөт, ал эми жыл ичинде газды үнөмдөө болжол менен 202,58 миң метр кубду түзөт, башкача айтканда, 5 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт.