Өзбекстанда окуучу кыздар мугалимин сабап салышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, окуя Сырдарыя районундагы №2 мектепте болгон. Анда мекеменин коридорунда эки окуучу кыз мугалимге кол көтөргөн.
Ал эми Сырдарыя районунун мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү бөлүмү окуяны өзгөчө көзөмөлгө алганын билдирген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.