Америкалык ырчы Бритни өзүнө өзү турмушка чыкканын жарыялады (видео)

Америкалык ырчы Бритни Спирс өзүнө турмушка чыкканын жарыялады. Ал Инстаграм баракчасына үлпөт көйнөкчөн видеосун киргизип, билдирүү калтырган.

“Бүгүн өзүмө өзүм турмушка чыккан күн. Бул түшүнүксүз, макоолук, акылсыздык жагдай болушу мүмкүн, бирок бул жашоодогу эң жакшы кадамдарымдын бири”, - деп калтырган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин Спирс үч жолу турмушка чыккан. Акыркы жолу фитнес боюнча машыктыруучу Сэм Асгари менен турмуш жолун улап, алар 2022-жылдын июнь айында үлпөт той өткөрүшкөн. Ал эми бир жыл өтпөй, 2023-жылдын август айында, алар ажырашуу чечимин кабыл алышкан.

22.10.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан