Ливанда оорукананын жанында каза болгондордун саны 13кө жетти

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы Рафик Харири мамлекеттик ооруканасынын жанында түн ичинде Израилдин аба соккусунан каза болгондордун саны 13кө жетип, 57 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Женах аймагындагы Рафик Харири атындагы мамлекеттик оорукананын айланасы түн ичинде Израилдин учактары тарабынан аткыланды.

Израилдин аба соккусунан 13 кишинин каза болгондугу белгиленди. Мындан тышкары 57 адам жабыркап, алардын жетөөнүн абалы оор.

Израилдин кол салуусунан Рафик Харири мамлекеттик ооруканасына чоң зыян келтирилгени билдирилди.

Буга чейин Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Рафик Харири мамлекеттик ооруканасынын жанындагы аймакта Израилдин аба соккусунан төрт киши каза таап, 24ү жарадар болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан