Ош облусунун Ноокат районунда сымаптын ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 22-октябрда билдирди.
Анда айтылгандай, кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына түштүк аймакта белгисиз жаран сымаптын ири өлчөмүн сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ага ылайык, Ноокаттын аймагында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда шектүү адамдар болгон. Унааны Ноокаттын 39 жаштагы тургуну М.Н. башкарып жүргөн. Ошондой эле сымаптын ээси болгон унаанын жүргүнчүсү, Ноокат районунун 41 жаштагы тургуну К.У. дагы кармалды.
Текшерүүдө унаанын ичинен салмагы 6 килограмм 200 грамм сымап салынган желим идиш табылган.
Шектүүлөр убактылуу кармоо жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.