Юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөй алат. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тарта иш берүүчүлөр, юридикалык жактар эмгек акыны накталай эмес формада гана төлөөгө милдеттүү.
"Бул талап өлкөнүн Эмгек кодексине 2024-жылдын 23-июлундагы мыйзам менен киргизилген. Ал өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланганда жана Министрлер кабинети тарабынан каралган учурларда жайылтылбайт.
Мындан сырткары иш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңыртып турууга милдеттүү", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган мекеме талаптар бузулган учурда жеке жактар үчүн 3 миң сом жана юридикалык жактар үчүн 6500 сом айып пул каралганын маалымдады.