Мамлекеттик, муниципалдык менчиктеги же капиталында мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларга кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушталууда. Эконмика жана коммерция министрлиги демилгелеген "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Анда мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда оюн-зоок жайларын жайгаштырууга тыюу салган ченемди алып салуу каралган. Министрлик бул норманы алып салуу туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүндүк берет деп эсептейт. Ошондой эле документте мындай практика дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар экени кошумчаланган.
"Бул мыйзам долбоору өлкөгө инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында иштелип чыккан", - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары документте өлкөдө казино иштетүүгө үч, букмекердик кеңсеге төрт лицензия берилип, мындан 252 миллион сом түшкөнү белгиленген жана оюн-зоок ишинин субъекттеринен түшкөн салыктар былтыр 118,5 миллион момду түзсө, быйылкы 9 айда 208,7 миллион сом алынганы тууралуу маалымат берилген.