Кадамжайдагы жол кырсыгынан эки кыз жараат алган окуя боюнча милиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Баткен ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ Кадамжай шаарынын Жийделик участкасында Ноокат районунун 19 жаштагы тургуну өзүнүн Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү унаасында баратып, рулду башкара албай жол четине чыгып кеткен. Натыйжада унаанын ичиндеги эки жүргүнчү кыз жараат алып, Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна кайрылган.
Бул маалымат Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.