Чүй облусу боюнча 735 трансформатор оңдолуп, 1770 даана темир бетон мамыча орнотулду. Бул туурасында Энергетика министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, учурда Чүй электр тармактар ишканасында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаган.
“Кошумча 116 даана көмөкчордонду, 3902 даана трансформатордук көмөкчордонду, 9105 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.
Реконструкция иштеринин алкагында облус боюнча 3 даана кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотулуп, 1770 даана жыгач мамылары темир бетон мамыларга алмаштырылып, 35 чакырым изоляцияланган СИП чубалгылары тартылып, 17 чакырым аба чубалгысы жаңы курулду”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 297 миң 615 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат.