Ташкенттеги мейманканада орусиялыктардын табышмактуу өлүмүнүн жаңы жагдайлары айтылды

Ташкенттеги мейманканалардын биринде жансыз денеси табылган орусиялык жарандардын жакындары уулануу боюнча расмий версияга ишенбей турганын билдиришти. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Журналист Инесса Паперная менен анын досу Максим Радченконун сөөгү 20-октябрда Ташкенттеги "Караман Палас" мейманканасынын ваннасынан табылган. "Подъем" басылмасына берген маегинде Максимдин эжеси алар ошол күнү кечинде Москвага кайтып келиши керек экенин айткан. Ал күнү экөө эртең мененки тамакка чыгышкан эмес, телефондоруна да жооп беришкен эмес. Жыйынтыгында номерди ачуу чечими кабыл алынган.

Мейманкананын биринчи версиясы боюнча, Максимдин эпилепсиясы кармап, Инесса ага жардам берүү үчүн чуркап келе жатып тайгаланып жыгылып каза болгон. Маркумдун туугандары бул версияга ишенишкен эмес. Андан кийин алардын баңгизатка ууланганы тууралуу версия айтылган болчу, бирок Максимдин эжеси маркумдар эч качан андай жолго барбастыгын кошумчалаган.

Мейманканадан эки орус жаранынын сөөгү табылгандан кийин ылдыйкы кабатта дагы бир коноктун, Өзбекстандын жаранынын сөөгү табылган.

Каза болгон Максимдин эжесинин айтымында, ылдыйкы кабатта чиновник газ менен атайын ууландырылып каза болгонун, ал газ вентиляция аркылуу үстүңкү кабатка жетип, орус жарандары дагы каза болгонун айтууда.

Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Маркумдардын сөөгү Москвага 23-октябрда жеткирилиши күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан