Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш БРИКС саммитине катышуу үчүн Казанга барды. Бул тууралуу Татарстан парламентинин сайтында маалымдалды.
Гутеррешти Тукай атындагы Казань эл аралык аэропортунан Татарстандын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Фарид Мухаметшин тосуп алды.
Ал эми бүгүн, 23-октябрда БУУнун баш катчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууну пландаштырууда.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутеррештин Казанда өтүүчү БРИКС саммитине катышуу чечимин “туура эмес” деп атады. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин айтымында, Гутеррештин тандоосу “БУУнун аброюна шек келтирет”, ошондой эле “тынчтыкка салым кошпойт”.
Белгилей кетсек, 23-24-октябрда президент Садыр Жапаров БРИКС саммитине катышуу үчүн Казань шаарына барары маалым болгон.