Бишкекте автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүлбөй жатат. Мэриянын жообу

Бишкекте автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүлбөй жатат. Мындай мүчүлүштүккө шаар тургундары бүгүн, 23-октябрда эртең менен туш болушту.

Айдоочулардын айтымында, түшкө чейин валидатор да, QR-код да иштебейт. Жалаң гана накталай төлөм жүргүзүү менен чектелүүдө.

Шаар тургундарынын арасында мындай ыңгайсыздыктар нааразычылыкты жаратууда. Алар "акчалар сол чөнтөккө солонуп жатат деп айтардан мурун системаны так жолго коюш керек беле" деген ойлорду ортого салышууда.

Ал эми мэрия учурда автобустардагы мүчүлүштүктөр калыбына келгендигин билдирди.

"Бүгүн түнү системада техникалык профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул убакыт аралыгында "Тулпар" кызматтарынын ишинде кыйынчылыктар байкалууда жана техникалык иш-чаралар аяктап жатат. Учурда накталай эмес төлөм системасы калыбына келди", - деп билдирген мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан