АКШда McDonald's ресторанында 49 адам бургерге ууланып, бирөө каза болду

АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги McDonald's Royal чизбургерлеринен массалык уулануу болгонун билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Кечээ, 22-октябрда кечинде уулангандардын саны 49га жеткени белгилүү болгон. Алардын бири каза болгон. 10 адам медициналык мекемелерге жаткырылды. Ал эми бир өспүрүм уулануудан улам гемолитикалык-уремиялык синдромго чалдыккан.

Жабырлануучулардын айтымында, алар McDonalds'тын Royal чизбургерин жешкен.

Азырынча ууланууга эмне себеп болгонун так айтуу мүмкүн эмес. Тергөө иштери башталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, уулануу пияздан же уй этинен жасалган котлеттерден болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан