Бүгүн, 23-октябрда эртең менен Талас шаарындагы 4-мектептин жанында үрөй учурган жол кырсыгы катталганы маалымдалган болчу.
Талас ЖКККБ жол кырсыгы боюнча маалымат берип, жеринде кызматкерлер иш алып барып жатышканын билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, ак түстөгү автоунаа жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Каза болгондор бар", - дешти мекемеден.