Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук департаменти жаныбарлардын кыймылын кайталап, коомдук тартипти бузгандар 15 суткага чейин камакка алына турганын билдирди. Алардын аракети майда бейбаштык катары квалификацияланат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
"Квадробика” субмаданиятына кызыккан бойго жеткен жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат", - деп билдирет Ички иштер министрлиги.
Маалыматка ылайык, коомдук жайларда адепсиз сөздөрдү айткан, коомдогу жүрүм-турум эрежелерин атайылап тоготпогон, жарандарды мазактаган жана башка ушул сыяктуу коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузган аракеттер үчүн 1,9 миллион сум (148 доллар) өлчөмүндө айып салынат же 15 суткага чейин камакка алынат.