Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 24-октябрда Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жамгыр жаайт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +6 ... +11,
Таласта түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +5 ... +10,
Баткен жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +18 ... +20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1 ... +3, күндүз +10 ... +12,
Нарын облусунда түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +11 ... +13.
Бишкек шаарында түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +8 ... +10 градус болот.