Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Алматыда өткөн аялдардын форумуна катышты 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Алматы шаарында өткөн Борбор Азия аялдарынын Be Woman форумуна катышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда аялдардын лидерлиги, гендердик зомбулук жана дискриминация, ишкердиктин заманбап тенденциялары жана аймактык коммуникация маселелери талкууланган.

Форумда Жаманбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанда гендердик теңчиликти мамлекеттик деңгээлде алдыга жылдыруу, аялдар менен балдардын укуктарын коргоо тууралуу айтып берген.

"Лидер аялдар уникалдуу башкаруу стилин алып келишет. Алар стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алып, логиканы чыгармачылык менен айкалыштырып, команда менен иштөөдө жана татаал сүйлөшүүлөрдө эмоционалдык интеллектти колдоно алышат. Аялдар шыктандырууну, команданы бириктирүүнү жана аны жалпы максаттарга жетүү үчүн ийгиликтүү алып барууну билишет", - деген Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле акыйкатчы жумушта жана күнүмдүк турмушта басмырлоого дуушар болуп жаткан аялдарга тилектештигин жана колдоосун билдирип өткөн.

Белгилей кетсек, иш-чарага 8 өлкөдөн 35тен ашык спикер жана Борбор Азиядан 350 аял катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан