Бишкектин бир бөлүгүндө жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда калаа мэриясы кабарлады.
Анда айтылгандай, жылытуу системасында мүчүлүштүктөр келип чыккандыктан төмөнкү даректерде жылуулук берүү токтотулду:
  • Чыгыш-5 кичи районундагы 2/3, 3/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3, 13, 13/2, 17/2, 18/2, 10/4, 10/6, 10/7, 10/5 үйлөр;
  • С. Кийизбаев көчөсүндөгү 89/1, 87, 33, 31, 22, 22/1 үйлөр;
  • Армейский көчөсүндөгү 50/1 жана 10/3 имарат (жеке бала бакча жана мектеп).
Адистер учурда мүчүлүштүктөрдү жоюу үстүндө иштеп жатышат. Жылуулук берүү кечки саат 20:00гө чейин калыбына келтирилет. Ошол эле учурда жогоруда аталган үйлөргө ысык суу берилип жатканы кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан