Орусиядагы Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрү жыйынтыкталды

Бүгүн, 23-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият жана искусство күндөрү Москвадагы филармонияда классикалык концерт менен жыйынтыкталды. Бул туурасында Маданият министрлиги кабарлады.

Концертте Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана Орусия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Андрей Малышев сөз сүйлөп, маданий байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

“Концерттин программасы кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын камтып, угармандарга музыка аркылуу кыргыз маданиятын жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан