“Элдик Банк” жана Мамлекеттик ипотекалык компания 18-24-октябрь күндөрү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Орусияда иштеген кыргызстандыктарга “Топтолмо ипотека” социалдык программасы тууралуу маалымат берүү алкагында мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Долбоор өлкө аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн иштелип чыккан. Бул программанын алкагында керектүү документтерди чогултуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлүп, ипотека алуу босогосу жөнөкөйлөштүрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө банк кызматкерлери кеңештерин берип, суроолорго жооп берип, жеринде онлайн аманат депозитин ачууга жардам беришет.