Бүгүн, 24-октябрда Медина мечитинин имамы Шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрди Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, имамды "Манас" эл аралык аэропортунан муфтий Абдулазиз Закиров жана Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради тосуп алышкан.
Ошондой эле салтанаттуу саамалыкка муфтийдин орун басарлары жана КМДБнын жетекчилик курамы катышты.
Имам шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейрдин 3 күн Кыргызстанда болору маалым болду. Анын программасы төмөнкүчө.
24-октябрь
18:20 Бишкек шаарындагы Кимсанбай ажы атындагы (эски борбордук) мечитинде шам намазын окуйт.
19:50 – 20:30 Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари мечитинде куптан намазын окуйт.
25-октябрь
12.00 – 14.00 Бишкек шаарынын башкы борбордук имам Сарахсий мечитинде жума намазын окуйт.
18:20 – 19:00 Бишкек шаарындагы «7-апрель шейиттер» мечитинде шам намазын окуйт.
19:50 – 20:30 Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы «Сатук Буурахан» мечитинде куптан намазын окуйт.
26-октябрь
18:20 – 19:00 Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы Аблиз Салимов мечитинде куптан намазын окуйт.