Флоридада бороондон кийин сейрек кездешүүчү бактериядан 13 адам каза болду

Флоридада штаттагы бороон-чапкындардан улам эт жегич Vibrio vulnificus бактериясы пайда болгон сейрек кездешүүчү инфекциялардан 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Флоридада быйыл Vibrio vulnificus инфекциясынын 74 учуру катталып, анын 13ү өлүмгө алып келген. 2023-жылы 46 учур катталып, 11 адам каза болгон.

"Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана суу ташкынынан кийин бул бактериялардын концентрациясы, айрыкча шор жана туздуу сууларда көбөйүшү мүмкүн", - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Инфекциянын көбү Ситрус, Эрнандо, Хиллсборо, Ли, Паско, Пинеллас жана Сарасота округдарында катталган.

Флоридада бир нече айдан бери көптөгөн кыйраткыч бороондор болуп, жүздөгөн адамдар каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан