Беларуста Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Беларустун Минск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Ага ылайык, иш-чара бүгүн, 24-октябрда башталып, 27-октябрга чейин уланат. Анда кыргыз тасмалары көрсөтүлүп, өлкөнүн материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көргөзмө уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны кыргыз искусствосунун устаттарынын гала-концерти жыйынтыктайт. Ал Беларусь мамлекеттик филармониясында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан