Кечээ, 23-октябрда Анкара шаарында болгон теракттан кийин түрк аба күчтөрү Ирак менен Сириянын түндүгүндө жайгашкан Күрдстан жумушчу партиясынын буталарына сокку урду. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматтарга караганда, өлкөдө террордук уюм катары таанылган жумушчу партиянын 32 объектиси жок кылынган. Министрлик бул аракеттер жарандарынын коопсуздугу үчүн жана террордук чабуулдарды алдын алуу, чек арадагы коопсуздукту камсыздоо максатында жүргүзүгөнүн маалымдаган.
Буга чейин Түркиянын ички иштер министри Анкарадагы кол салууну уюштургандар Күрдстан жумушчу партиясынын мүчөлөрү болушу ыктымалдыгын билдирген болчу.
Эске салсак, кечээ күнү Анкарада Tusaş заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишип, жардыруу жана ок атуулар орун алган. Теракттан 4 адам каза болуп, 14 адам жарадар болгону айтылган.