"АКШнын президенти Жо Байден, ошондой эле Ак үйдүн көптөгөн расмий өкүлдөрү АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты фашист деп эсептешет" деп билдирди Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер 23-октябрда журналисттер үчүн кезектеги брифингде.
Брифингде журналисттер Жан-Пьерге Жо Байден "Дональд Трамп фашисттин аныктамасына туура келерин жана Трамп Гитлерге окшогон генералдарды каалап жатканын билеби?" деп суроо узатышкан.
Буга жооп катары Карин Жан-Пьер Байден өзү да диктатор болгусу келгени тууралуу бир нече жолу айтканын баса белгиледи. Бул сөздөрдү Ак үйдүн азыркы жана мурдагы чиновниктери, анын ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын командасынын мүчөлөрү да ырасташты.