Израиль Бейруттагы Al Mayadeen телеканалынын студиялары жайгашкан имаратка чабуул жасады

Израилдин аскер аба күчтөрүнүн истребителдери Бейруттун түштүгүндөгү Al Mayadeen телеканалынын студиясы жайгашкан имаратка ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, телеканалдын кызматкерлери жардыруу баштала электе эле имараттан чыгып кетишкен.

Басылманын маалыматына караганда, ракета имараттын экинчи кабатындагы батирге тийген. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул батирде “Хезболланын” лидерлеринин бири жашаган.

"Азырынча каза болгондор тууралуу маалымат түшө элек", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан