Беларустун президенти Александр Лукашенко алдыда боло турчу президенттик шайлоого катышуу ниетин Казанда өткөн БРИКС саммитинде орусиялык телеалпаруучу Ольга Скабеевага билдирди.
Анда журналист Беларусь президентинен алдыдагы шайлоого барар-барбасын сураганда, ал "Ооба, Оля, мен президенттик шайлоого катышам" деп жооп бергенин теле алып баруучу өзүнүн Telegram каналына жазган.
Эске салсак, буга чейин Беларуста президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январында өтөрү белгилүү болгон.
Александр Лукашенко 1994-жылдан бери – алты мөөнөт катары менен президент болуп шайланып келди.